Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25-жылдыгын, 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 90-жылдыгын өткөрүүгө даярдануу максатында Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуунун, жашылдандыруунун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө
Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктураларын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу максатында: 1. 2016-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалын оңдоо, жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыялансын. 2. 1-тиркемеге ылайык Чүй облусунун шаарларынын жана калктуу пункттарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, санитардык абалын оңдоо, жашылдандыруу боюнча үч айлыгын өткөрүү боюнча Чүй облустук штабынын курамы бекитилсин. 3. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына, Токмок шаарынын мэрине, жергиликтүү мамлекеттик органдардын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, чарбалык субъектилердин жетекчилерине: - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдор жөнүндө» Мыйзамынын негизинде баардык мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик символдорду орноштуруу жана калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлсүн; - көчөлөрдү, короолорду, сугат тармактарын, газондорду тазалоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн; - административдик жана турак үйлөрдүн фасаддары оңдоп-түзөлсүн; - көчөлөр жарыктандырылсын; - калктуу пункттарды массалык жашылдандыруу иштери жүргүзүлсүн; - курчап турган чөйрөнү коргоо Фонду тарабынан берилип тигилген жаш көчөттөрдүн тамыр алып өсүшүн камсыздоо боюнча айыл өкмөт башчыларынын жеке жоопкерчилиги каралсын; - муниципалдык жолдор оңдолсун; - социалдык катмардын объектилери жана айыл чарба инфраструктурасы оңдоп-түзөлсүн; - кургап калган бутактарды кесишсин; - катуу тиричилик таштандыларын таштоочу жайын иретке келтирүү, жана башаламан таштанды таштоочу жайлар жоюлсун; - көчө базарлары, жарнамалык щиттер, жол белгилери иретке келтирилсин. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|