Токтогул шаардык мэриясынын адисинин статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укукту аткаруусу жөнүндө келишимди бекитүү
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 22.07.2016-жылдагы № 01-37/63 катынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматкерлердин мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарып жатышкандыгы кеңири талкууга алынды. Жыйынтыгында Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жана Токтогул шаардык мэриясынын ортосундагы келишимдин шарттарын, талаптарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат: 1. Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан бөлүм башчысы Жумашов Жайлообектин жана Токтогул шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Токтогул шаардык мэриясынын атынан шаар мэри М.Калмурзаевдин ортосундагы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча эки тараптуу келишим тиркемеси (эсептөөлөрү) менен бекитилсин. 2. Аталган мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жергиликтүү бюджетке трансферт (субвенция) формасында бериле тургандыгы эске алынсын. 3. Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын. 4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды. 6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын. 7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 28-июлундагы № 96 токтому менен бекитилди
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|