Долбоор
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 188-б буйругу менен макулдук берилген
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулуп, Тараптардын ортосундагы кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринде социалдык чөйрөнү өнүктүрүү максатында тажрыйба алмашууга багыттала тургандыгын таанып, өз компетенцияларынын чегинде иштөө, эл аралык милдеттенмелерди жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын сактоо менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар социалдык чөйрөдө төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүшөт: - калкты социалдык коргоо; - балдарга, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү; - гендердик саясат.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташтык төмөнкү формаларда ишке ашырылат: - кызматташтыктын багыттары боюнча ченемдик документтерди жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды алмашуу; - Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын аймактарында социалдык чөйрөнүн маселелери боюнча өткөрүлүүчү конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга Тараптардын эксперттеринин катышуусу; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|