Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 16-мартындагы токтому
Иш № 5-234/15 ГД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: А.М.Ажибраимова, судьялар: А.Базаралиева, Г.Д.Уметалиева, сот отурумунун катчысы: Э.Биримкулова, ачык соттук отурумунда доогердин Ош облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 10-ноябрындагы чечимине карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусунун негизинде жарандык ишти карады. Иш боюнча КР Жогорку сотунун судьясы Г.Уметалиеванын баяндамасын угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Доогер сотко доо арыз менен кайрылып, анда жоопкер 2014-жылдын 13-январында Кара-Суу районунун Папан айыл аймагында жайгашкан «Күмбөз» жайытында жүргөн жылкыларынын арасынан анын менчиги болгон сары-тору, кара жал, кара куйрук, оң жак кулагынын арткы жак каптал жагынан тилик эн тамгасы бар болгон бир баш бээсин «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоунаасына жүктөп алып кеткендигин, ал боюнча Кара-Суу райондук ИИБнө арыз менен кайрылып, тергөө мезгилинде жоопкер түшүнүк кат берип, анда 2014-жылдын 13-январында автоунаасына бээни жүктөп, алып кеткендигин танбагандыгын, ал бээ атасынан калган бээ деп талашып жаткандыгын, андан сырткары тергөө мезгилинде күбө катары көрсөтмө берген Ш.Маматов өз түшүнүк катында жоопкер бээни жүктөп кеткендигин, андан сырткары аталган бээни көрсө тааный тургандыгын көрсөткөндүгүн, ошондой эле тергөө мезгилинде күбөлөр Асанов К., А.Маткеримов, М.Семетеев жана К.Муратов тарабынан берилген түшүнүк каттарында 2008-жылы ал той кылган мезгилде базардан аталган бээни 18000 сом акча каражатына сатып алышып, кошумча катары беришкендигин көрсөтүшкөндүгүн, бирок Кара-Суу районунун ИИБнүн ТБнүн тергөөчүсү Б.Молдоев тарабынан арызы жарандык тартипте карала тургандыгын көрсөтүп 2014-жылдын 17-апрелинде токтомдун негизинде ишти кыскарткандыгын билдирип, бир баш бээни кайтарып берүүнү суранган. Кара-Суу райондук сотунун 2014-жылдын 8-августундагы чечими менен доогердин доо арызы канааттандырылган. Жоопкер тарабынан мыйзамсыз ээлеп алган сары-тору түстөгү, кара жал, кара куйрук, оң жак кулагында тилик эн тамгысы бар болгон бир баш бээси доогердин менчигине кайтарылып берилген. Жоопкердин эсебинен мамлекеттин пайдасына 10 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (төрагалык кылган судья Н.Т.Матраимов). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|