Кыргызстан таза сууну барктоо маданиятын калыптандыруусу керек
30-ноябрдан 11-декабрга чейин Франциянын башкалаасы Парижде 147 өлкөнүн лидерлери климаттын өзгөрүүсү боюнча талкууну ачып беришти. Климаттын өзгөрүүсүнө арналган саммит 21-ирет уюштурулууда. Жыйындын жүрүшүндө климаттын өзгөрүүсүн алдын алууга, мерчемделген келишимдерге кол коюулуусу күтүлүүдө.
Дүйнө саммитинде биздин Президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө кайра калыбына келүүчү энергияны колдонууну, суу ресурстарын сарамжал пайдаланууну сунуштап, планетанын жылуулануусу алып келе турган коркунучтарды атады. «Божомолдор боюнча 2025-жылга карай Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40% кыскарат. Анын натыйжасында, Борбор Азиядагы дарыялардын суусу 25-35%га азаят. 2100-жылга карай Кыргызстандын мөңгүлөрү жердин картасынан жок болушу мүмкүн», - деди Алмазбек Атамбаев. Жер шаарынын геологиялык тарыхында планетада климат ар дайым өзгөрүп турат. Учурда глобалдык орточо температура 15 градусту түзгөнү менен тарыхта температура мындан да жогору же төмөн болгон учурлар кездешкенин атайын адистер бышыктап келет. Ошентсе да окумуштуулар соңку жылуулануу тездик менен жүрүп жатканына кабатыр. Соңку жылдары дүйнө жүзүндө суу маселеси адамзат жашоосунун орчундуу көйгөйүнө айланып баратканын, дүйнөлүк жылуулануудан улам мөңгүлөрдүн эриши күч алганы айтылып жатат. Мындан улам, дүйнө коомчулугу экологияга көңүл буруу коңгуроосун кагууда. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|