Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 172 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Өкмөтүнүн 2017.10.05. № 259 токтомуна ылайык кайра сурап алынган
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминде көрсөтүлгөн «United Cement Group PIC» компаниясынын, «Эмерек Курулуш», «Ташкөмүр», «Пансионат «Витязь», «О.К.К.В» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун, жарандар С.Л.Калимованын, Б.А.Байгобыловдун, В.В.Баевдин жана башкалардын өтүнүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосу үчүн предмет болгон, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Мамлекеттештирилген обьект - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 48 «Пансионат Витязь» жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 «Ташкөмүр» жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 «АврораГрин» ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 12-августундагы № 121 «Кант цемент заводу» ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 проценттин мамлекеттештирүү жөнүндө», 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө», 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 «Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участкасын жана турак эмес жайларды мамлекеттештирүү жөнүндө» декреттери менен мажбурланып мамлекеттин менчигине берилген мүлктөр; мурунку ээси - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен мажбурланып мамлекеттин менчигине берилген мүлктүн ээси болгон жеке жана/же юридикалык жактар, алардын мураскерлери жана укугун улантуучулар.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу чектелген чөйрөлөр
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|