Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2008-жылдын 30-октябрындагы № ГД-39/08 ТЗ токтому
№ 07-339/08 АД - көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу судья: Альпиева А.А.., Судьялар: Садыков Э.Э., Сыдыков О.С., (баяндамачы-судья), тараптар: Б. Мамытбековдун ыйгарым өкүлүКулушев Ы.Д. (паспорт № А 071341, ишеним каты 18.12.07-ж.); Покровка айыл өкмөтүнүн өкүлүНиязалиев К.К. (күбөлүк № 30); Р. Оморовдун өкүлдөрү - Доолбеков С. (күбөлүк № 41) жана Джунусов Б.А. (паспорт № А 2604987), соттук отурумдун катчысы: Б. Абышовдун катышуусу менен, Покровка айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-августундагы № 17-токтомун жокко чыгарып, Манас райондук кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмү тарабынан 2004-жылдын 13-августунда Оморов Рыскелдиге берилген № 0008482менчик укугу тууралуу күбөлүгүн жараксыз деп табуу менен, доогерди Актерек кыштоосундагы сарайдын фундаментинин менчик ээси деп таанып берүү жөнүндөгү Б. Мамытбековдун доо арызы боюнча чыгарылган Талас областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 3-июнундагы аныктамасын көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү Б. Мамытбековдун даттануусун карап чыгып, Ал аныктама менен Талас областынын Манас райондук сотунун 2008-жылдын 20-мартындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Чечимдин резолютивдик бөлүгүнө Р.А. Оморовдун өкүлү Б.А. Жунусовдун деген сөздөн кийин «жогорку мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдин жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү» деп кошумчаланган. (Судьялар: Раяпов Б.О., Барыктабасова Э.Б., Калиева К.Дж.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы О. Сыдыковдун баяндамасын, тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия тапты: Доогер Б. Мамытбеков Талас областынын Манас райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, Покровка айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-августундагы № 17-токтомун жокко чыгарып, Манас райондук кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмү тарабынан 2004-жылдын 13-августунда Оморов Рыскелдиге берилген № 0008482 - менчик укугу тууралуу күбөлүгүн жараксыз деп табуу менен, доогерди Актерек кыштоосундагы сарайдын фундаментинин менчик ээси деп таанып берүүнү сураган. Доо арыз төмөндөгүчө негизделген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|