|
Кыргыз Республикасынын
мыйзамы
Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө
Бул редакция 2011.30.05. өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин күчүндө болгон
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 62 Декретине ылайык этил спиртин чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууга тиешелүү бөлүгү токтотулган
КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамына ылайык колдонуу кайрадан киргизилген
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдык негиздерин белгилейт.
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук продукцияны чекене сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырышкан жеке ишкерлер катышкан мамилелерге карата жайылтылат. 2. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата колдонулбайт: - этил спиртин камтыган продукцияны сатуу максатында эмес өндүргөн жеке жактардын ишине; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишти жүзөгө ашырышкан, иши этил спирттүү дары, дарылоочу-профилактикалык, диагностикалык каражаттарды, медициналык буюмдарды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө байланышкан уюмдардын ишине, ошондой эле дарыкана мекемелеринин жеке рецепттер боюнча дары каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык арналыштагы препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукцияны жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык арналыштагы башка продукцияны жасоого байланышкан иштерине; - этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 пайызынан ашпаган, этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке. 3. Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: адсорбент - суюктуктардын жана газдардын ар түрдүү компоненттерин жакшы сиңирип алуучу заттар; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|