Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
КР 2014-жылдын 24-майындагы № 76 Мыйзамы менен ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (мындан ары - Университет) иштөө негиздерин аныктоо максатында, 1995-жылдын 30-сентябрында Измир шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында «Манас» атындагы Кыргыз-Түрк университетинин ачылышына байланыштуу Келишимге» өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында бул Келишимге кол коюшту:
Бул келишим 1997-жылдын 24-октябрында Анкара шаарында кол коюлган, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында «Манас» атындагы Кыргыз-Түрк университетинин ачылышына байланыштуу Келишимдин» тиркеме Протоколун жокко чыгарбайт. Аталган протоколдун мөөнөтү Келишимдин мөөнөтү менен кошо аягына чыгат.
Университетте окутуу кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Бирок, орток же кош диплом берүүчү программалар чет тилдеринде окутулушу мүмкүн. Кээ бир бөлүмдүн өзгөчөлүгүнө жараша заманбап тилдер тереңдетилип окутулат. Бул максатта тиешелүү факультет жана бөлүмдүн муктаждыгына жараша 1 жылдык даярдоо курсу ачылышы мүмкүн.
Университетте жаңы факультет, институт, жогорку мектеп жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу боюнча чечимдер ректорлуктун сунушунун негизинде Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Университет илимий өз алдынчалыкка ээ болуп, анын бүтүрүүчүлөрүнө берилген дипломдор эки өлкө тарабынан таанылат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|