Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2012-жылдын 20-мартындагы № АД-269/11-МИ токтому
Иш № АД-269/11-МИ Көзөмөл өндүрүшү № 6-47/12 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу: Арапбаев Н.М., судьялар: Альпиева А.Н., Арстанбаева Д.Э., сот отурумунун катчысы: Абышев Б.К., тараптар: Т.Байсейитованын өкүлү - К.Аманбаевдин, (ишеним кат 2011-жылдын 60-февралынан), катышуусунда, соттун ачык отурумунда, Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 19-октябрындагы аныктамасына, ал аныктама менен Ж.Асирдиновдун, Т.Асирдинованын Ысык-Көл областынын Тон районунун Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-майындагы «Ак-Май айылынын жашоочусу Байсеитов Т. арызы» жөнүндөгү № 55 кабыл алынган токтомун жараксыз деп табуу жана Тон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын арыз берүүчүлөргө жер участогуна (үлүшкө) жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган (төрагалык кылуучу: Асанова К.Т.) жана Ысык-Кол областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы аныктамасына карата келтирген Ж.Асирдиновдун, Т.Асирдинованын көзөмөл даттануусун каран чыгын, ал аныктама Ысык-Көл областынын райондор аралык согунун 2011-жылдын 19-октябрындагы аныктамасы өзгөртүүсүз, ал эми Ж.Асирдинованын жеке даттануусу канааттандыруусуз калтырылган (төрагалык кылган Асанбаев Б.С., судья: Абдыкадыров А.Т., судья-баяндоочу: Шамбетова М.У.) баяндамачы-судья Ж.Арстанбаеванын иш боюнча берген маалыматын, соттук отурумга катышкан тараптын өкүлүнүн берген түшүндүрмөсүн угуп, тапты: Асирдинов Жолдош, Асирдинова Толкун сотко Ысык-Көл областынын Тоң районунун Б.Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-майындагы «Ак-Май айылынын жашоочусу Байсситов Т. арызы» жөнүндөгү № 55 кабыл алынган токтомун жараксыз деп табуу жана Тон райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын арыз берүүчүлөргө жер участогуна (үлүшкө) жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысын берүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү арыз менен кайрылышкан. Биринчи жана апелляциялык инстанция соттору менен жогорудагы соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|