Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 571 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 24-мартындагы № 2907-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 3051-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 63-статьянын 7-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин: «(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш жасаган, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.» 2. 129-статья төмөнкү редакцияда берилсин: «129-статья. Зордуктоо (1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, жабырлануучуга же башка адамдарга зомбулук көрсөтөм деп ошого тете алардын алсыз абалынан пайдалануу менен алардын каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Зордуктоо: 1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда; 2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда; 3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда; 4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда; 5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, - сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Зордуктоо: 1) жашы жете элек кызга карата жасалганда; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|