Чүй облусунун 2014-жылдын 9 айынын социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана 2014-жылдын IV кварталына коюлган милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 2014-жылдын 9 айында өнөр жай продукциялары 39 млрд. 194 млн.сом суммасында өндүрүлгөндүгүн жана 108,5 пайыз физикалык көлөмдү түзгөндүгүн белгилейт. Айыл чарба продукцияларынын дүң өндүрүлүшү 36 млрд. 212 млн.сомду түздү, же өткөн жылдын ушул мезгилине карата 92,6 пайызды түзгөн. Кичи жана орто бизнес өнөр жай продукцияларынын чыгарылган көлөмү 8440,7 млн.сомду түзүп, облустагы жалпы өндүрүлгөн көлөмдүн 21,5 пайызын камтыган. Инфляциянын жалпы деңгээлин мүнөздөөчү керектөө баасынын индекси 107,1 пайызды түздү. Бир кызматкердин орточо айлык акысы 10568,0 сом өлчөмүндө болду. 2012-жылга салыштырмалуу 10,9 пайызга өскөн. Тышкы соода жүгүртүү АКШнын 391,7 млн. долларын түздү. Облустун товарларын экспортко чыгаруу 24,9 пайызга өссө, импорттук келип түшүүлөр 5,5 пайызга өскөн. Чүй облусу боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүмүнүн планы 95,2 пайызга аткарылды, башкача айтканда, пландагы 3147357,2 миң сомдун ордуна факт жүзүндө 2996130,6 миң сом болуп, бюджетке 151226,6 миң сом кем чогулган. Анын ичинде республикалык бюджет 90,2 пайызга, жергиликтүү бюджет 104,3 пайызга аткарылган. Жалпысынан прогноздук көрсөткүчтөр боюнча алганда мамлекеттик бюджеттин планы облустун Аламүдүн, Ысык-Ата, Панфилов, Москва жана Чүй райондорунда аткарылып, Жайыл (86,9%), Кемин (96,8%), Сокулук (92,6%) райондорунда жара Токмок (93,2%) шаарында аткарылбай калган. Ал эми жергиликтүү бюджет баардык райондор боюнча аткарылган. Салык төлөмдөрү боюнча түшпөй калган каражаттар 146495,2 миң сом же 9 айдын ичинде 75064,9 миң сомго азайган. Облуста 89525 пенсионерлер бар. Мурдагы жылга караганда 2005 адамга көп. Ушул жылдын 9 айында республикалык бюджеттен каржылоо максатында 3075,0 млн.сом берилген. Пенсия боюнча карыздар жок. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|