Намыска келбесек болбойт
Белгилүү тилчи, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Лингвистика институтунун деректири Сыртбай Мусаев менен маек.
Суроо: - Окумуштуу катары өлкөбүздөгү тил саясатына кандай мүнөздөмө бересиз? Жооп: - Элдин аты эне тилдин аталышына берилет. Демек, эл менен тил тамырлаш-тагдырлаш, акыреттик шерик. Экөөнүн тагдырын бири-биринен айырмалап, бөлүп-жарып кароого эч мүмкүн эмес. 18-кылымдын улуу гуманисти, чоң философ, тилчи аалым Вильгельм фон Гумбольдт бекеринен «тил - элдин духу, элдин духу - анын тили. Бул экөөнөн жакын жуурулушкан эч нерсе жок», - деп баса белгилебеген. Мамлекеттин мамлекет экендигин таасын тастыктап турган эн тамгасы, атрибуту да - аны түзгөн, мамлекетке атын берген титулдук улуттун эне тили. Бул чындыкты биз, биздин өлкөнүн жетекчилиги, жалпы калк, интеллигенция так, туура жана ачык түшүнүшүбүз зарыл. Тил саясаты так ушул жагдай менен түздөн-түз байланышта аныкталышы шарт. Айрыкча биз сыяктуу кичинекей мамлекетте, түркүн улуттардын өкүлдөрү жашаган коомдо мамлекеттик тилдин кеңири жана чектөөсүз колдонулушун камсыздаган саясат жүргүзүлүшү абзел. Албетте, бизде жашаган башка этникалык топтордун тилдеринин өнүгүшүнө алардын түп мекенинде кам көрүлүп жаткандыгын, кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары ушул жерде гана колдонула, өнүгө ала тургандыгын эске алуу зарыл. Бул жерде тарыхый жагдайлардын жана улуттук тилдерди жоюуга багытталган саясаттын натыйжасында калктын курамы өзгөргөндүгүн эске сала кетели. 1989-жылы Кыргызстанда бар болгону 53% гана кыргыздар калган, 47% башка улут өкүлдөрү, келгиндер болушкан. Бул учурда жалпы саясат орусташтыруу болгон, совет эли деген жасалма эл түзүлгөн, Усубалиевдин «Орус тили - экинчи эне тилибиз» деген жагынуучулук саясаты өкүм сүргөн. Ушул саясат бүгүн да уланууда. Башка улут өкүлүнүн тилин Конституциябызга расмий тил деп жазып алганыбыз да ушунун көрүнүшү. Бул - эркиндикти чектөөнүн, жагынуучулуктун эң жогорку чеги. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|