Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2015-жылдын 7-декабрындагы токтому
Иш № АД-18/15 МН Көзөмөл өндүрүш № 6-893/15 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Джумашов К.О., судьялар: Акматов Б.Дж., Осмоналиев К.Т., катчы: Жаныбек уулу А., тараптардан: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү - М.Тентиева (ишеним кат 2015-жылдын 3-апрелинен), Ат-Башы аймактык ооруканасынын директору - И.Бейшеналиев жана С.Карымшаковдун катышуусунда, ачык соттук отурумда С.Карымшаковдун Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы аныктамасына карата келтирилген көзөмөл тартибиндеги даттануусун карап, ал аныктама менен Нарын областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 31-мартындагы аныктамасы толугу менен алып салынып, иш кайра соттук кароого жиберилген. Прокурордун апелляциялык тартиптеги сунушу канааттандырылган (төрагалык кылуучу: Байышов М., судьялар: Амиракулова З., Абышов К.). Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын баяндамасын жана тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия
ТАПТЫ:
Ат-Башы районунун прокуратурасы Нарын областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда арыз менен сотко кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирип, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2004-жылдын 24-февралындагы № 43-б буйругун, Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан 2004-жылдын 29-мартында С.Карымшаковдун атына берилген жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүүнү суранган. Нарын областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 31-мартындагы аныктамасы менен Ат-Башы районунун прокуратурасынын доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылуудан баш тартылган. Ат-Башы районунун прокуратурасынын арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган. Апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук акты кабыл алынган. Кабыл алынган апелляциялык инстанциядагы соттун соттук актысы менен макул болбостон, С.Карымшаков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл тартибиндеги даттануу менен кайрылып, анда Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы аныктамасын жокко чыгарып, Нарын областынын райондор аралык сотунун 2015-жылдын 31-мартындагы аныктамасын күчүндө калтырып берүүнү сурайт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|