Өзгөн районунун Жалпакташ айылдык кеңешинин 2007-жылдын 18-январындагы №1 чечими менен бекитилген
Жалпакташ айылдык Кеңешинин
КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык күчүн токтотту
Жалпы жоболор
1.1. «Жалпакташ» айылдык кеңеши - административдик аймакта жашаган жарандардын өкүлчүлүктүү органы болуп эсептелет. 1.2. «Жалпакташ» айылдык кеңеши тиешелүү түрдө юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар тарабынан алардын компетенциясына таандык бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. 1.3. «Жалпакташ» айылдык кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн укуктук - нормативдик актыларына карама-каршы келип калган учурда, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. 1.4. «Жалпакташ» айылдык кеңешинин аймактык деңгээли баштапкы аймактык (айылдык кеңештер) деңгээл болуп эсептелет. 1.5. «Жалпакташ» айылдык кеңешинин дареги: Ош облусу, Өзгөн району, Жалпакташ айыл өкмөтү, Курбуташ айылы.
2. Айылдык кеңештердин сандык курамы
2.1. «Жалпакташ» айылдык кеңеши административтик - аймактык бирдиктин калкынын санынын эсепке алуу менен сандык курамын 15 адамдын чегинде чектеди.
3. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери
3.1. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Айылдык кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу.
4.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуручулук - укуктук формасы анын сессиялары болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби ушул регламент тарабынан аныкталат. Жаңыдан түзүлгөн кеңештин биринчи сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Биричи сессия - эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айылдык кеңештин биринчи сессиясын тийешелүү жергиликтүү кеңештин карыя-депутаты ачат. Айылдык кеңештин сессиясы ачык, кварталына кеминде 1 жолу депуттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин талабы боюнча өткөрүлөт.
5. Айылдык кеңештин компетенциясы
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|