Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук
№ ЭД-000228/06.МД. 07-000348/06ЭД иш
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мукамбаева Г.У., судьялар: Садыков Э.Э., Мухамеджанов А.Ж. (баяндоочу-судья), сот отурумунун катчысы: И.Асанованын, тараптардын өкүлдөрү: «Дустлик» Ачык акционердик коомунун өкүлдөрү Жаббаров У.Р. (ишеним кат № 112 19.07.06 ж.), Моминов А.К. (ишеним кат 01.02.07 ж. № 18); Ташбулак айыл өкмөтүнүн өкүлү Жаналиев С.С. (ишеним кат № 5 24.01.07 ж.); Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасынан Ажибеков Э.З. (ишеним кат № 10-01 10.01.2007 ж.) катышуулары менен, ачык соттук отурумда Сузак райондук прокуратурасынын Ташбулак айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-октябрындагы № 218 буйругун, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдын 23-октябрындагы № 566 буйругун жана аталган буйруктардын негизинде «Дустлик» Кыргыз-Россия биргелешкен ачык акционердик коомуна берилген сериясы 016118 сандуу жерди пайдаланууга укук берүүчү мамлекеттик актынын Ташбулак айыл өкмөтүндөгү 8,35 га жерге тийиштүү болгон бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызынын негизинде кабыл алынган Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 17-августундагы чечимин, Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 10-октябрындагы аныктамасын көзөмөл тартибинде кароо жөнүндөгү «Дустлик» Ачык акционердик коомунун даттануусун карап (даттанылып жаткан сот актыларын кабыл алган судьялар: Айжигитов А.А., Осмоналиев К.Т.. Иманкулов Э.Т., Сарыков Ж.С.), тапты: Сузак райондук прокуратурасы Ташбулак айылдык жамаатынын (айыл өкмөттүн) кызыкчылыгы үчүн Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Ташбулак айыл өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-октябрындагы № 218 буйругун, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдын 23-октябрындагы № 566 буйругун жана аталган буйруктардын негизинде «Дустлик» Кыргыз-Россия биргелешкен ачык акционердик коомуна берилген сериясы 016118 сандуу жерди пайдаланууга укук берүүчү мамлекеттик актынын Ташбулак айыл өкмөтүндөгү 8,35 га жерге тийиштүү болгон бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Арызда төмөндөгү жүйөөлөр келтирилген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|