Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 16-ноябрындагы № СГ-000167/00.Д9 токтому
№ СГ-000167/00.Д9. № 06-33/06СГ иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Аманалиева Б.К. судьялар: Айткулова И.В., Мухамеджанов А.Ж. тараптардын өкүлдөрү: Ормотоев Акматалы; Р.Исамидиновдун өкүлдөрү А.Тагаев жана К.Жумабаев; Ташкөмүр шаардык шаар куруу бөлүмүнүн өкүлү Гененбаев А. (ишеним кат № 102 15.11.2006 ж.); Ташкөмүр шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын өкүлү К.Дөмөрбеков 2006-жылдын 18-октябрында сот отурумуна келген. Р.Исамидиновдун Шамалдуусай шаарчасындагы № 14 дүкөндүн аймагындагы 0,09 га жерди жоопкерлер А.Ормотоев, С.Чаргынова, Д.Дүйшөновалар өз алдынча жерди ээлеп курушкан күркөөлөрдөн бошотуп берүү жөнүндөгү доо арызынын, Ташкөмүр шаардык прокуратурасынын 1999-жылдын 26-июлундагы Ташкөмүр шаардык администрациясына келтирген № 297 протестин негизсиз деп табуу, Ташкөмүр шаардык мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 26-августундагы № 153 буйругун жана 1994-жылдын 1-февралындагы № 23 буйругун жараксыз деп табуу жөнүндөгү С.Чаргынова менен А.Ормотоевдин тосмо доо арызынын негизинде кабыл алынган Жалалабат областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 4-ноябрындагы чечимин көзөмөл тартибинде кароо жөнүндөгү Р.Исамидиновдун даттануусун карап (даттанылып жаткан сот актысын кабыл алган судьялар: Осмоналиев К.Т., Сарыков Ю.С., Чаканов Э.С.), тапты: 2000-жылдын 11-майында Исамидинов Рахманалы анын менчигиндеги Шамалдуусай шаарчасындагы № 14 дүкөндүн аймагындагы 0,09 га жерди жоопкерлер А. Ормотоев, С. Чаргынова, Д. Дүйшөновалар өз алдынча жерди мыйзамсыз ээлеп курушкан күркөөлөрдөн бошотуп берүү жөнүндөгү арыз менен сотко кайрылган. Арызда төмөндөгү жүйөөлөр келтирилген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|