Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 132 «Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр белгиленсин: - куруучу региондордо социалдык инфраструктураны түзүү, тейлөө, өнүктүрүү жана эксплуатациялоо менен бир эле убакта Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча функциялар берилет; магистралдык темир жолдордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча заказчы болот жана көрсөтүлгөн иштерди республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылайт. 2. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин. 3. «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы: - Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана курулушун каржылоо үчүн инвесторлорду тартууга чараларды көрсүн; - белгиленген тартипте «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Жумушту камсыздоо бөлүмүн кошуу жолу менен өзгөртүп уюштурсун жана «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын курулуш-монтаж жана ремонт жумуштарын камсыздоо боюнча филиалын жойсун. 4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте эки аптанын ичинде: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|