Долбоор
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 683-б буйругу менен макулдук берилди
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы, мындан ары Тараптар, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекет аралык мамилелердин негиздери жөнүндө Келишиминин жоболоруна негизделип, эки элдин тарыхый жана салттык-достук байланыштарын жана ынтымактуу коңшулук мамилелерин сактоого жана бекемдөөгө болгон умтулуусунан төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
Ушул Макулдашуу менен аныктала турган кызматташтык Тараптардын мамлекеттеринин учурдагы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Тараптардын аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүктү координациялоочу ыйгарым укуктуу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет: - Кыргыз Республикасынан - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги, - Тажикистан Республикасынан - Тажикстан Республикасынын айыл чарба министрлиги.
Кыргыз Республикасы айыл чарба малын багуу үчүн ушул Макулдашуунун тиркемесиндеги картада көрсөтүлгөн Баткен областынын Баткен, Лейлек райондорунун аймагындагы чек аралардагы 12200 га жайкы күзгү жайыттарды Тажикстан Республикасына берет. Тажик тараптын айыл чарба малынын саны Кыргыз Республикасында бекитилген зоотехникалык ченемдерге туура келет (1 га жерге 5 баш кой же 1 баш ири мүйүздүү мал жайгаштырылат). Мында 1 га жер үчүн төлөө өлчөмү 15 АКШ долларды түзөт. Кыргыз тарап Тажик тарапка жайыттардын түрүн, аймагын (гектар менен жана чек ара аймактарында), азыктуулугун жана оттуулугун көрсөтүү менен жайыттарды ижарага берүү актысы боюнча өткөрүп берет.
Тажик тарап Кыргыз Республикасынын аймагына малды айдап кирүүдө оору козгогучтарынын алдын алуу максатында малга коюлган талаптарды сактоону жана Эл аралык Эпизоотикалык Бюронун (ЭЭБ) жердеги жаныбарлардын санитардык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын сунуштарына негизделген талаптарга ылайык камсыздасын. Тажик тарап 7-беренеде каралгандардан тышкары, жер кыртышынын азыктуулугун бузбоого, дан өсүмдүктөрүн түзөңдөргө сеппөөгө, бадалдарды жана дарактарды кыйбаганга, курулуш иштерин жүргүзбөөгө ошондой эле бөлүнгөн аймактардын чектерин жана жайыттардын табигый экологиясын бузбоого милдеттенет.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|