Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 14-июнундагы № ЭД-179/10 МБа токтому
Иш № ЭД-179/10 МБа Көз. өнд № 6-32/11 СГ ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу: Садыков Э.Э., судьялар: Алыбаева Н.А., Арстанбаева Д.Э., сот отурумунун катчысы: Абышов Б., тараптар: «Бай-Түшүм и Партнеры» жабык акционердик коомунун өкүлү -М.Джумалиевдин (ишеним кат 2011-жылдын 3-январынан), М.Гүлжигитовдун катышуусунда, соттун ачык отурумунда, «Бай-Түшүм и Партнеры» жабык акционердик коомунун Баткен областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 23-мартындагы аныктамасына, ал аныктама менен К.Гүлжигитовдун Баткен областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 27-декабрындагы чечимин аткарууну 2011-жылдын 1-сентябрына чейин калтыруу жөнүндөгү арызы толугу менен канааттандырылган, Баткен областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 27-декабрындагы чечимин аткаруу 2011-жылдын 1-сентябрына чейин калтырылган (төрагалык кылуучу: Түлөнбаев Т.А.) жана Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 14-апрелиндеги Баткен областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 23-мартындагы аныктамасын өзгөртүүсүз, апелляциялык жеке даттануу арызын канааттандыруусуз калтырган аныктамасына келтирген көзөмөл тартибинде даттануу боюнча ишти карап тапты: «Бай-Түшүм и Партнеры» жабык акционердик коому сотко К.Гүлжигитовго, М.Гүлжигитовго карата 2008-жылдын 24-июнундагы №226/2008 зайым келишимин жокко чыгаруу жана К.Гүлжигитовдон «Бай-Түшүм и Партнеры» жабык акционердик коомунун пайдасына 193 301 сом кредиттик карызды өндүрүү жөнүндөгү доо арыз менен кайрылган. Баткен областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 27-декабрындагы чечими менен «Бай-Түшүм и Партнеры» жабык акционердик коому менен К.Гүлжигитовдун ортосунда түзүлгөн 2008-жылдын 24-июнундагы №226/2008 зайым келишими жокко чыгарылган. К.Гүлжигитовдон «Бай-Түшүм и Партнеры» жабык акционердик коомунун пайдасына 193 301 сом кредиттик карыз өндүрүлгөн. Карызды өндүрүү күрөөгө коюлган Баткен районунун, Кыштут айыл өкмөтүндө, Газ айылында жайгашкан М.Гүлжигитовдун менчигиндеги турак жайынын эсебинен өндүрүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|