Токтогул шаардык мэриясынын алдында «Ыңгайлуу шарт» чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасын түзүү, штаттык бирдигин бекитүү боюнча Токтогул шаардык кеңешинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 108 токтому
Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
Бул редакция 2017.03.05. өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин күчүндө болгон
Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы «Ыңгайлуу шарт түзүү» муниципалдык мекемесин жана «Эс алуу» багы бөлүмүн жоюп, кайрадан бириктирип түзүү боюнча сунушу «Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууга алынган. Жогоруда аталган ишканалардын ишмердүүлүгүнө экономикалык анализ жүргүзүлүп, сунушталган документтер, устав, тарифтердин өлчөмү боюнча эсептөөлөр, ишкананын штаттык түзүмү, саны каралып, мыйзам талаптарына ылайык чарбалык эсептеги ишкана түзүү зарыл экендиги дагы түшүндүрүлдү. Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат: 1. Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин «Ыңгайлуу шарт» чарбалык эсептеги муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү сунушу колдоого алынгандыгы белгиленсин 2. Ишкананын директору кызматына Маранбаев Аласкан Кочкорбаевичтин талапкерлигине макулдук берилсин жана штаттык түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Ишкананы түзүү боюнча төмөндөгү уюштуруу иштери аткарууга алынсын: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|