5-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жобо (2017.08.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
1. Ушул Жобо «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервин (мындан ары - ички резерв) түзүүнүн жана иштешинин укуктук негиздерин жана тартибин аныктайт. 2. Ички резерв - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу. 3. Ички резервди түзүүнүн максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет: - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттери менен функцияларын кесипкөй жана натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү, тийиштүү административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн даярдалган мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын курамын түзүү; - мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын өнүгүүгө, кесиптик өсүүгө жана кызматта карьералык көтөрүлүүгө мотивациясын жогорулатуу; - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу. 4. Ички резервди түзүүнүн негизги принциптери: - жарандардын мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө бирдей мүмкүнчүлүгү; - ички резервге киргизүү үчүн талапкерлердин кесиптик жана жеке сапаттарын баалоонун калыстыгы; - компетенттүүлүгү жана кесипкөйлүгү; - ички резервге киргизүүдөгү ачыктык жана калыстык. 5. Ички резервди түзүүнү жана иштетүүнү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы камсыз кылат. 6. Ички резерв мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан түзүлөт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|