2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындгы № 706 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар (2017.08.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
1. Ушул Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна (мындан ары - администрациялык кызмат орундарынын топтору) типтүү квалификациялык талаптар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты. 2. Административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын реестрине ылайык белгиленет. 3. Типтүү квалификациялык талаптар кесиптик билимдин деңгээлине, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына же адистик боюнча иш стажына, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү кесиптик компетенцияларга карата белгиленет. 4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын штаттык ырааттамасында каралган ар бир администрациялык кызмат орунга карата квалификациялык талаптарды ушул Типтүү квалификациялык талаптардын негизинде иштеп чыгат жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) менен макулдашылгандан кийин бекитет. 5. Квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат. 6. Типтүү квалификациялык талаптар милдеттүү жана кошумча болуп бөлүнөт. 7. Административдик кызмат орундарына милдеттүү типтүү квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт: 1) кесиптик билимге; 2) административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажына же адистиги боюнча иш тажрыйбасына; 3) кесиптик компетенцияларына: - Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тийиштүү тармактагы мыйзамдарды билүүгө; - кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү, ошондой эле чет тилди билүү (зарыл болгондо); - тиешелүү чөйрөдө билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болуу. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|