Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу (Н358-0 KG)
КР Өкмөтүнүн 2008.13.06 № 291 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген Мыйзам долбоорун караңыз
КР 2008.18.07 № 153 Мыйзамы менен ратификацияланган
Юридикалык Департамент ЖАШЫРЫН Талкууланган текст 2007-жылдын 6-февралы ГРАНТТЫН НОМЕРИ_______
Финансылоо жөнүндө макулдашуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ менен ЭЛАРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ортосундагы Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасынын долбоору
Датасы: 2008-жылдын 30-апрели ГРАНТТЫН НОМЕРИ - ФИНАНСЫЛОО ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ
2008-жылдын____________________ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ («Алуучу») менен ЭЛАРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН («Ассоциация») ортосунда ушул МАКУЛДАШУУ түзүлгөн. Муну менен Алуучу жана Ассоциация төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
ЖАЛПЫ ШАРТТАР, АНЫКТАМАЛАР
1.01. Жалпы шарттар (анткени алар ушул Макулдашууга Толуктоолордо аныкталат) ушул Макулдашуунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат. 1.02. Баш тамгалар менен жазылган жана ушул макулдашууларда пайдаланылган терминдер, эгерде контекст гана алардын башка маанисин талап кылбаса. Жалпы Шарттарда же ушул Макулдашуунун Толуктоосунда берилген маанилерге ээ болот.
ФИНАНСЫЛОО
2.01. Ассоциация ушул Макулдашуунун («Долбоор») 1-тиркемесинде сыпатталган Долбоорду финансылоо үчүн Алуучу үчүн Атайын Насыя Укугунун (7 600 000 АНУ) («Финансылоо») жети миллион алты жүз миң суммасында ушул Макулдашууда белгиленген же анда шилтеме кылынган мөөнөттө жана шарттарда грант берүүгө макул. 2.02. Алуучу Финансылоо каражаттарын ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинин IV бөлүмүнө ылайык ала алат. 2.03. Финансылоонун Алынбаган Каражаттарынын Калдыгы үчүн Алуучу төлөгөн Резерв үчүн Акынын максималдуу ставкасы жылына бир пайыздын жарымын (1% дан 1/2) түзүүгө тийиш. 2.04. Төлөмдөрдүн датасы: ар бир жылдын 15-майынан 15-ноябрына чейин. 2.05. Төлөм валютасы: Америка Кошмо Штаттарынын доллары.
ДОЛБООР
3.01. Алуучу Долбоордун максаттарын жактай тургандыгын билдирет. Ушуга байланыштуу Алуучу Долбоор Жалпы Шарттардын IV беренесинин жоболоруна жана Долбоор жөнүндө Макулдашууга ылайык Долбоордун аткаруучу агенттиги тарабынан аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|