2008-2009-окуу жылына адистиктердин тизмесин жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-статьясына ылайык, жогорку кесиптик билимдүү адистерди даярдоонун артыкчылыктуу багыттарын жана адистиктерди аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2008-2009-окуу жылына мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу мамлекеттик билим берүү гранты № 1 тиркемеге ылайык 5705 санында белгиленсин. 2. 2008-2009-окуу жылына адистиктердин тизмеси жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу көлөмү № 2 тиркемеге ылайык белгиленсин. 3. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде педагогикалык же медициналык адистиктер боюнча ЖОЖго кабыл алынган жана кесиптик жогорку билим алган адамдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүүсүнө ылайык жумушка жиберилүүгө тийиш экендиги белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: - Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна карата мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча 2008-2009-окуу жылына кабыл алуу планын бекитсин; - мамлекет адистерди даярдоодо жумшаган каражаттарды республикалык бюджетке кайтаруунун шарттарын жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте 2009-жылдын 1-январына чейин Жогорку, орто, башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө эмгек ресурстарына учурдагы жана келечектеги керектөөгө багытталган мамлекеттик заказ системасы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин; - 2008-жылдын 1-октябрына чейин республиканын ЖОЖдору боюнча мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыктары жөнүндө топтомо отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-июнундагы № 1 тиркеме
2008-2009-окуу жылына мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу мамлекеттик билим берүү гранттарынын саны
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|