Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 563-б буйругуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык компанияларынын рыноктук наркын белгилөө жана алардын инвестициялык жагымдуулугун көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. 2. Ведомстволор аралык комиссия: - бир айдын ичинде 2008-жылдын IV кварталына жана 2009-жылдын I кварталына иш планын иштеп чыксын жана бекитсин; - энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берсин. 3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 499 токтому менен бекитилген
Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Энергетикалык компаниялардын рыноктук наркын белгилөө жана энергетикалык сектордо инвестициялык жагымдуулугун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ведомстволор аралык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 563-р буйругунун негизинде түзүлгөн консультативдик жана кеңеш берүүчү орган болуп саналат. 2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын энергетикалык компанияларынын рыноктук наркын белгилөө жана өлкөнүн энергетикалык секторунун инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу үчүн түзүлгөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|