Кыргыз Республикасынын Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (2017.17.06. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Аталышы КР 2017.17.06. № 105 Мыйзамынын редакциясында берилген (мур. ред. караңыз)
КР 2011.30.05. № 33 Мыйзамына ылайык Мыйзамдын 5-6, 7, 10, 12-16 жана 18-беренелерин кошпогондо, бүткүл текст боюнча тиешелүү жөндөмөдөгү «этил спирти жана алкоголдук продукция» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «этил спирти, алкоголдуу жана спирттүү продукциялар» деген сөздөр менен алмаштырылган (мур. ред. караңыз)
Преамбула КР 2017.17.06. № 105 Мыйзамынын редакциясында берилген (мур. ред. караңыз) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн, ошондой эле сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатуунун жана керектөөнүн укуктук негиздерин белгилейт.
КР 2011.30.05. № 33 Мыйзамына ылайык 1-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген (мур. ред. караңыз) 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук продукцияны чекене сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырышкан жеке ишкерлер катышкан мамилелерге карата жайылтылат. 2. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата колдонулбайт: - этил спиртин камтыган продукцияны сатуу максатында эмес өндүргөн жеке жактардын ишине; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишти жүзөгө ашырышкан, иши этил спирттүү дары, дарылоочу-профилактикалык, диагностикалык каражаттарды, медициналык буюмдарды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө байланышкан уюмдардын ишине, ошондой эле дарыкана мекемелеринин жеке рецепттер боюнча дары каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык арналыштагы препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукцияны жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык арналыштагы башка продукцияны жасоого байланышкан иштерине; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|