Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 10-статьясынын 1-пунктунун 27-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы токтом кылат: 1. 2005-жылдын 27-февралындагы жана 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндөгү маалымат эске алынсын; 2. Түшкөн даттануулар менен арыздарды кароо улантылсын; 3. Токтомдун аткарылышына аппарат жетекчиси К.Исмаилов көзөмөлдүк кылсын.
2005-жылдын 27-февралындагы жана 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө МААЛЫМАТ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясына 425 кайрылуу, даттануу, арыз түштү. Алар негизинен округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө, депутаттыкка талапкерлерди каттоого, шайлоочулардын тизмелерине, шайлоо алдындагы үгүткө, шайлоо жөнүндө Кодекстин нормаларын түшүндүрүүгө тийиштүү. Бишкектеги жана Оштогу Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамаларына көп даттануулар түштү, алардын көбү коомдук кабылдамалардын жетекчилеринин - Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.Бекматов менен Т.Садыковдун түздөн-түз катышуусу менен каралды. 1. 42 кайрылуу округдук жана участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө, ошондой эле алардын иш-аракеттерине байланыштуу. Арыздардын ээлери айрым шайлоо комиссияларын түзүүдө шайлоо жөнүндө Кодекстин 16-статьясынын 1-пункту сакталбаганына көңүл бурган. Борбордук шайлоо комиссиясы даттанууларды жана арыздарды кароонун жүрүшүндө 30дан ашык округдук шайлоо комиссиясынын курамында 33 мүчөнү өзгөрттү. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|