№ 1 Университет шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын
Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту өзүнүн 2005-жылдын 30-июнундагы токтому аркылуу «№ 1 Университет шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп табуу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комисиясынын 2005-жылдын 16-майындагы № 119 токтомун жокко чыгаруу тууралуу Б.Акаеванын жана 3.Сыдыкованын берген арыздарды канааттандыруудан баш тарткан Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун 2005-жылдын 13-июнундагы чечимин күчүндө калтырган. «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисcиясы жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 1-пунктунун 27-пунктчасын, «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кодекстин 10-статьясынын 1-пунктунун 3, 26-пунктчаларын, 47-статьясынын 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комисcиясы токтом кылат: 1. № 1 Университет шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2005-жылдын 18-сентябрына дайындалсын. 2. № 1 Университет шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын Календарлык планы (тиркелет) бекитилсин. 3. № 1 Университет шайлоо округу боюнча кайра шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилсин. 4. Бишкек шаарындагы Ленин райондук мамлекеттик администрациянын башчысы шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү, тактоону жана шайлоо комиссияларына шайлоо мыйзамдары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүп берүүнү камсыз кылсын жана аларга кайра шайлоону өткөрүү учурунда уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү жагынан көмөк көрсөтсүн. 5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2005-жылдын 25-июлундагы № 210 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча ишчаралардын календардык планы
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|