Долбоор Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 1999.01.02. № 63 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилди
II Бөлүм. Жер участогуна болгон укук граждандык укуктардын объектиси катары III Бөлүм. Кыргыз Республикасынын Жер фондусундагы жерлердин категориялары IV Бөлүм. Жерлерди коргоо. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна мамлекеттик контроль. Мамлекеттик жер кадастры. Жер жайгаштыруу
Бул Кодекс Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерди пайдалануу укуктарынын пайда болуу негиздерин жана ушул укуктарды ишке ашыруу тартибин жана аларды каттоону жөнгө салат, ошондой эле жерге болгон мамлекеттик, коммуналдык жана жеке менчиктин шарттарындагы жер-рынок мамилелерин түзүүгө жана жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган.
Биринчи глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр Бул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат: 1) Жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм. 2) Имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар. 3) Жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын граждандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу. 4) Жер участогу - туташ чектелген жер аянты. 5) Жер фондусу - Кыргыз Республикасынын чектеринде болгон бардык жерлер. 6) Жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) берилген, өткөрүлгөн, мураска өткөн жеке адам же юридикалык жак. 7) Жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери. 8) Жерди коммуналдык пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган коммуналдык ишканалар, мекемелер, уюмдар. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|