Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген
Алкоголь азыктары боюнча дегустациялык комиссия жөнүндө
1. Алкоголь азыктары боюнча дегустациялык комиссия (мындан ары - Дегустациялык комиссия) Кыргыз Республикасына импорттолгон жана анда өндүрүлгөн этил спиртинин жана алкоголь азыктарынын органолептикалык сапатына мамлекеттик контролду жүргүзөт жана дегустациянын натыйжасы боюнча азыктардын сапатын, тышкы жасалгасын жакшыртуу жана технологиялык процесстерди өркүндөтүү боюнча сунуштарын киргизет. Дегустациялык комиссиянын төрагасынын чечими менен анын отуруму спирт, ликёр арак заводдорунун же Кыргыз Республикасынын аймагына этил спиртин, алкоголь азыктарын импорттоону жана өндүрүүнү ишке ашырып жаткан башка ишканалардын (уюмдардын) дегустациялык залдарында өткөрүлөт. 2. Дегустациялык комиссиянын корутундусу сунуштоо мүнөзүнө ээ болот.
2. Дегустациялык комиссиянын функциялары
3. Дегустациялык комиссияга төмөндөгү милдеттер жүктөлгөн: - этил спиртинин, алкоголь азыктарынын органолептикалык касиеттери жана тышкы жасалгасы (тара, этикеткалык дизайны, бекитилиши) боюнча сапатын баалоо; - чыгарууга сунушталган азыктардын жаңы түрлөрүнүн жана рецептураларды же технологиялык процесстер өзгөргөндө алынган азыктын сапатын өндүрүүчүлөр бул азыкты берген учурда органолептикалык баалоо; - Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү алкоголь азыктарын органолептикалык баалоо; - Этил спиртин, алкогодук жана спирттүү азыктарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен графикке ылайык чыгарылган азыктардын сапатын баалоо боюнча пландуу дегустацияларды (квартал сайын) өткөрүү.
3. Үлгүлөрдү дегустацияга берүү тартиби
4. Сапатын органолептикалык баалоо үчүн дегустацияга сунушталган азыктардын үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишкананын (уюмдун) өкүлүнүн катышуусу менен Дегустациялык комиссия мүчөлөрү тарабынан тандалып алынышы жана пломбаланышы керек. 5. Дегустацияга азыктын үлгүлөрү төмөндөгү санда берилет: - чыгарыла турган азыктын сапатын текшерүүдө 2 шише; - жаңы азыктын сапатын текшерүүдө 4 шише. 6. Дегустацияга бериле турган азык төмөндөгү документтер менен коштолот: - үлгүлөрдү тандоо актысы; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|