«Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Лицензиялоо жөнүндө», «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды жана спирт кармаган продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоо максатында, «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Лицензиялоо жөнүндө», «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиялык комиссиясы жөнүндө жобо; - Алкоголдук продукциялар боюнча дегустациялык комиссия жөнүндө жобо; - Медициналык, ветеринариялык жана башка максаттарга пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобо; - Этил спиртин, алкоголдук жана спирт кармаган продукцияларды чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө нускама. 2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-майындагы № 343 «Алкоголдук продукция чыгаруу үчүн этил спиртин чыгарууну жана сатып алууну квоталоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 38-пункту. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|