Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген
Медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланылган этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө
1. Ушул Жобо этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу тартибин жана шарттарын белгилейт. 2. Алкоголь азыктарын өндүрүүдөн тышкарыда Кыргыз Республикасынын аймагында этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда сатып алуу квоталарды бөлүү жолу менен ишке ашырылат. 3. Квота саламаттык сактоо жана ветеринария субъекттери, ошондой эле этил спиртин техникалык максаттарда пайдалана турган субъекттер тарабынан этил спиртин жылдык керектөөнүн көлөмүн аныктайт. 4. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр этил спиртин медициналык жана ветеринардык максаттарга пайдалануучу жактар болуп эсептелет, алардын (мындан ары - атайын керектөөчүлөр) тизмеси жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 5. Этил спиртин атайын керектөөчүлөр жана техникалык максаттарга пайдалануучу субъекттер тарабынан сатып алуу этил спиртин өндүрүүчү ишканалардагы этил спиртин жана алкоголь жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аныкталган жылдык квота көлөмдөрүндөгү билдирүүлөрдүн негизинде сатылат. 6. Алкоголь азыктарын өндүрүүчү үчүн керектөөчүлөрдүн этил спиртин сатып алуусу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо барактарынын негизинде каттоо барагында аныкталган көлөмдөрдө этил спиртин өндүрүүчү ишканаларда түздөн түз жүргүзүлөт. 7. Бул Жободо айтылган каттоо барагы, бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык бекитилген форма боюнча этил спиртин өндүрүүчү ишканаларга аны сатууга укук берүүчү документ катары түшүнүлөт. 8. Каттоо барагын колдонуу мөөнөтү ал берилген күндөн тартып 30 күндү түзөт. 9. Этил спиртин сатып алуу квотасын тариздөөгө жана каттоо барактарын берүүгө этил спиртин керектөөчүлөрдөн акы алынбайт.
2. Этил спиртин керектөөгө квоталарды түзүү жана бөлүштүрүү тартиби
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|