Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 301 токтому менен бекитилген
Этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама этил спиртин жана алкоголдук жана спирттүү азыктарды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аталган тармактагы мыйзамдарын сактоону камсыздоо максатында этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү азыктарды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү ишкер субъекттерин текшерүүнү жүргүзүүдө колдонуу үчүн арналган. 2. Ишкер субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте катталган жана киреше алуу максатында өзүнүн мүлкүн тобокелдикке салып мыйзам менен тыюу салынбаган ишкердикти уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар болуп эсептелет (мындан ары - ишкердик субъекттери). 3. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен ишкердик субъекттеринин ортосундагы өз ара мамилелер төмөндөгү принциптерде ишке ашырылат: 1) Мыйзамдуулук, айкындык жана ачыктык: а) ишкердик субъекттерине коюла турган бардык милдеттүү талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана белгиленет; б) текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиптерине жана жол-жоболоруна коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында бирдей болуп саналат жана негиздөөчүлөрдүн (катышуучулардын, мүчөлөрдүн), кызматкер жактардын жашаган жерине, социалдык абалына жана улутуна, жарандыгына, ишкердик субъекттинин уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан бардык ишкер субъектилерине бирдей колдонулат; в) текшерүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболору регламенттелген, текшерүү предмети боюнча субъекттерге коюлган талаптар бирдей мааниде, аныкталган, эки түшүнүктө эмес болууга тийиш. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|