2006-жылга Ысыккөл облустук бюджети жана 2004-жылдагы облустук бюджеттин аткарылышы жөнүндө (2006.23.03. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2006-жылга бюджетинин долбоору боюнча чектелген цифраларына ылайык облустук мамлекеттик администрациясы токтом кылат: 1. 2006-жылга облустук бюджет кирешелер жана чыгымдар боюнча 46 млн, 412,9 миң сом көлөмүндө № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Жалпы республикалык маанидеги салыктардын контингенттери 2006-жылга облустун жергиликтүү бюджеттерине № 2 тиркемеге ылайык каралсын. 3. Облустук бюджеттен 2006-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. Түзүлгөн кырдаалга жараша, каржылануучу, мекемелердин жетекчилеринин өтүнүчтөрү боюнча статьядан статьяга жана кварталдан кварталга которуу облфинбашкармасына жүктөлсүн. 4. 2006-жылга республикалык бюджеттен алынуучу категориалдык гранттардын көлөмдөрү региондор боюнча төмөндөгүдөй бекитилсин: - Аксуу районуна 27 млн. 893,9 миң сом - Жетиөгүз районуна 33 млн. 458,4 миң сом - Ысыккөл районуна 32 млн. 693,4 миң сом - Тоң районуна 26 млн. 213,2 миң сом - Түп районуна 27 млн. 990,0 миң сом - Балыкчы шаарына 19 млн. 442,7 миң сом - Каракол шаарына 26 млн. 123,7 миң сом - Облустук бюджетке 12 млн. 104,7 миң сом Жалпы суммасы 205 млн. 920 миң сом Категориалдык гранттар билим берүү тармагынын эмгек акыга, социалдык фондко, орто окуу жайынын окуучуларынын стипендиясына жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин, мектеп-интернаттарынын, орто окуу жайынын окуучуларынын тамак-ашка болгон чыгымдарын каржылоого жумшалсын. 5. Билим берүү тармагынын, эмгек акыга, орто окуу жайларынын стипендиясына, мектепке чейинки балдар мекемелеринин тамак-ашка болгон чыгымдары категориалдык гранттардан каржыланышын эске алып, менчиктин баардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын пайдасынан, уюмдардын пайдасынан, акцизден, атуулдардын кирешелеринен алынуучу салыктардан облустагы жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн өлчөмдөрү № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин. 6. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Кыргыз-Түрк лицейине биргелешкен каржылоо 2006-жылдын 1-январынан тартып токтотулсун. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|