Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Т.Масыбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2010-жылдын 13-январындагы № 4-009/10 аныктамасына түшүндүрмөсү
Кыргыз республикасынын ЖПКнын 264-статьясында көрсөтүлгөн териштирүүнүн чектери боюнча, сотто ишти териштирүү айыпталуучу катары жазык жоопкерчилигине тартылган адамга гана байланыштуу, соттук териштирүү дайындалган гана айыптоо боюнча жүргүзүлөт. Соттук териштирүүнүн чектерин белгилөөдө мыйзам тарабынан жазык ишинин, жазык процессинин конструкциясын аныктоо, анын функцияларды бөлүштүрүү принциптери жазык процессинин жүрүшү сот акыйкаттыгына негизделип жана айыптоонун мазмунун өзгөртүп формулировкалоого укуксуздугу аныкталган. Соттук териштирүүнүн чектерин белгилөө жазык сот өндүрүшүндөгү соттун бирден бир гана негизги милдети экендигин таанууга негизделген. Сот кылмыш куугунтугун өткөргөн органдар тарабынан жазык иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамга коюлган айыптын чегинен чыгууга акысыз, айыптоону өзү формулировкалай албайт, ишти сот отурумунда кароого чейин кылмышкерлердин чөйрөсүн аныктай албайт. Мындай белгилөөнүн натыйжасында иш боюнча далилдөөлөрдүн чектери айкын белгиленет, айыпталуучулардын аттары аталат, соттолуучунун коргонууга болгон укугун ишке ашырууну жүргүзүүнүн негизги багыттарын алдын ала белгилөөчү, айыптоочу жагдай белгилүү болот. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|