Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кезексиз VIII курултайы жөнүндө маалымат
2010-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чоң залында Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезексиз VIII курултайы болуп өттү. Курултайдын ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары катышты. Курултайда төмөнкү маселелер каралды: 1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын маалыматы; 2. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламенттин өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитүү; 3. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо; 4. Кыргыз Республикасынын «Соттун өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндөгү» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна «Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча Кеңеши жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөгү» мыйзамдарына сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү; Курултайдын катышуучуларынын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаева салабаттуу жана кеңири сөз сүйлөдү. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын милдеттин аткаруучу Жамашева Ф.З. сөз сүйлөп, Осмонкулов А.А. Судьялар кеңешинин иши боюнча баяндама жасады. Курултайда өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламентти кабыл алынып, Судьялар кеңешинин 15 кишиден турган курамын, 10 кишиден турган резервин шайлашты. Соттун ишмердигине байланышкан мыйзамдардын долбоорлоруна сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы бекитилди. Төмөндө кезексиз курултайдын материалдары жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезексиз VIII курултайы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин регламенти
1-Глава Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин иш тартиби ушул Регламент менен аныкталат (мындан ары - Судьялар кеңеши). 2. Судьялар кеңеши жана Судьялар кеңешинин резерви Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы менен түзүлөт (мындан ары - судьялар курултайы). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|