Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 217 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 217 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормаларынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кз зоналык коэффициентинин маанилери жана Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында нарктык зоналардын чектеринде: «Ош шаары» позициясы бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Ош шаары боюнча мүлк салыгын эсептөө учурунда колдонулган Кз зоналык коэффициентинин өзгөрүүлөрү жөнүндө салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын. 3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2014-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-августундагы № 440 токтомуна тиркеме « Ош шаары
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|